07.05.2018 16:51

Тоң районунда жыл башынан бери 185 үй-бүлө "балага сүйүнчү" алышкан

Тоң районунда жыл башынан бери 185 үй-бүлө "балага сүйүнчү" алышкан

Үстүбүздөгү жылдын башынан бери Ысык-Көл облусунун Тоң райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгы 185 үй-бүлөгө «балага сүйүнчү» төлөп берди. Бул туурасында Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.  

«Балага сүйүнчү» жөлөкпулдарын төлөө Мамлекеттик каттоо кызматы менен Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин ортосундагы мекеме аралык өз ара маалыматтык кызматташуу пилоттук долбоорунун алкагында жүрүп жатат.

Эми жарандар балага туулгандыгы тууралуу күбөлүк алып жатканда, дароо эле сүйүнчү алуу үчүн арыз таштаса болот.

Пилоттук долбоордун аткарылышын көзөмөлдөө максатында министр .Таалайгүл Исакунова  Тоң районунун жарандык ал-абалдын актыларын каттоо (ЗАГС) бөлүмүнө барды.

Тоң райондук ЖААК бөлүмүнүн башчысы Орозган Токтоназарованын айтымында, акыркы убактарда жарандар баласына сүйүнчү акча  алуу үчүн, күбөлүк алганы көп келип башташты.  

«Азыр министрлик "балага сүйүнчүнү" берүүнүн жолдорун жеңилдетүүнү карап жатат. Ал ишке ашса, балалуу болгон жарандардын өздүк эсебине кыска убакыттын ичинде "балага сүйүнчү" акчасы которулуп турмакчы», - деди министр.