06.11.2018 17:43

Трактор, дача, үй. Президенттин дагы эмне байлыгы бар?

Трактор, дача, үй. Президенттин дагы эмне байлыгы бар?

Мамлекеттик салык кызматы президент Сооронбай Жээнбековдун 2017-жылдагы кирешелери жана чыгашалары тууралуу декларациясын жарыялады. 

Декларацияда өлкө башчы былтыр эки кызматта иштеп турганда 890 миң 994 сом тапканын көрсөткөн. Ошондой эле, президенттин менчигинде аянты 160 чарчы метр үйү, 60 чарчы метр дачасы, 61,45 гектар 4 жер тилкеси, МТЗ-80 трактору бар. Бул тракторду өлкө башчы декларация тапшырган сайын жазып келет.

Бирок, бул жолку декларацияда 3,7 миң көчөтү жана үй-вагону тууралуу сөз жок.  

Жакын туугандары 3,7 млн сом табышкан. Киреше булагы көрсөтүлгөн эмес. Туугандарынын 64 чарчы метр батири, аянты 20,6 чарчы метр эки жер тилкеси жана кайсы жылы өндүрүштөн чыгарылганы белгисиз Lexus-470 үлгүсүндөгү унаасы бар.