26.06.2018 13:09

Транспорт министрлиги: Дача-СУ айылына кулаган учакта кыргыз жарандарынын жүгү болгон эмес

Транспорт министрлиги: Дача-СУ айылына кулаган учакта кыргыз жарандарынын жүгү болгон эмес

Дача-СУ айылынын үстүнө кулаган учакта Кыргызстан жарандарынын жүгү жок болчу. Бул туурасында бүгүн, 26-июнда Жогорку Кеңештин транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин отурумунда Транспорт жана жолдор министри  Жамшитбек Калилов билдирди, деп жазат Акипресс агенттиги.

Депутат Кубанычбек Жумалиев  отурумда учактын бортундагы жүк боюнча ар түрдүү  маалыматтар болгонун билдирип, «Эми ачык айтсаңыз, ал жүк кимдики эле? Аны эмне кылдыңар?» - деп сурады.

Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов кыйраган учак чачырап кеткенин жана жерден күйүп калганын билдирди.  «Чынында, ал жерде учкучтун отурган жери гана аман калган. Ал жерден жүктүн кимге таандык экени жазылган  кагаз табылган. Кагазда  – Украина, Израиль, Англия, Испания, Португалия жана араб өлкөлөрү көрсөтүлгөн. Жүк карго терминалга түшүрүлүп, андан кийин кайра жүктөлмөк.  Жүктүн документи болгон жана ал актыга тиркелген болчу», - деди министр. 

«Жүктү алуучулардын катарында Кыргызстандын жарандары жана жергиликтүү компаниялар бар беле?» - деп тактады К.Жумалиев.

«КМШ өлкөлөрүнөн Украина менен Россия гана бар болчу, ал эми Кыргызстандын жарандары же компаниясы тизмеде болгон эмес», - деп билдирди Ж.Калилов.

Эскерте кетсек, Гонконг—Бишкек—Стамбул каттамы менен келаткан «Боинг 747-400» учагы 2017-жылдын 16-январында  «Манас». аэропортунун аймагында кыйраган. 
Анын жыйынтыгында 39 адам каза болуп, алардын төртөө - авиалайнердин экипаж мүчөлөрү болгон. 

Учактын ичинде ар түрдүү 86 тонна жүк болгон. Кыйраган учак 5 гектарга жакын тилкени жер менен жексен кылган болчу.