27.06.2018 13:12

Транспорт министрлиги Жалал-Абад облусунда оңдолуп жаткан жолдор тууралуу маалымат берди

Транспорт министрлиги Жалал-Абад облусунда оңдолуп жаткан жолдор тууралуу маалымат берди

Мамлекеттик маанидеги Ала-Бука-Кербен-Таш-Кɵмүр автожолунда жолдун чуңкурларын ондоп-түзɵɵ жумуштары жүрүп жатат. Бул туурасында Транспорт жана жолдор министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматта, мындан сырткары «Жалал-Абад-Балыкчы» автомобиль жолдор башкармалыгына караштуу Аксы районундагы № 12-жол тейлɵɵ мекесинин карамагындагы  жергиликтүү маанидеги Кара-Суу-Топ-Жаңгак унаа жолунун  1- чакырымдан  5-чакырымына чейинки аралыгын асфальттоо иши жүргөнү айтылат.

Жалпы узундугу 2 чакырым жолго асфальт төшөө жумуштары мекеменин ɵз күчү менен жүргүзүлүп, толугу менен бүткɵрүлгөн. Каражат (9млн.сом)  «Капиталдык салымдар» беренеси боюнча каралганы айтылат. 

2018-жылга карата туризм  багытындагы мамлекеттик маанидеги Кара-Жыгач-Сары-Челек унаа жолунда «Капиталдык салымдар» беренесинен 5км жолго акча каражаты каралып, мекеме тарабынан 1км жолго асфальт тɵшɵлдү,  жолдогу бардык жол белгилери, парапеттери акталып-сырдалган. Жолду  толугу менен асфальттап бүткɵрүү  ушул  жылдын  июль айына   пландаштырылган.

 «Падыша-Ата» коругу жайгашкан  мамлекеттик маанидеги Кербен-Кашка-Суу унаа жолунда подряддык ыкма менен «Жалал-Абад АБЗ» ачык акционердик коому жолду асфальттоо иштерин жүргүзүүдɵ. Бүгүнкү күндɵ жолдун 1км аралыгы бүткɵрүлүп, жумуштар уланууда.