02.04.2018 17:43

Транспорт министрлигине айдоочулардан мыйзамсыз акча чогултуу көрүнүштөрүн жоюу тапшырмасы берилди

Транспорт министрлигине  айдоочулардан  мыйзамсыз акча чогултуу көрүнүштөрүн жоюу тапшырмасы берилди

Премьер-министр Сапар Исаков бүгүн 2-апрелде Бишкектин автотранспорт  ишканаларынын ишмердүүлүгүн камсыздандыруу маселелери боюнча кеңешме өткөрдү. Өкмөт башчы бүгүн борбор калаа тургундарын транспорттук тейлөө менен камсыз кылуунун үзгүлтүккө учурашынын бир нече себеби бар экенин билдирип, бирок, өлкө мыйзамдарын аткарууда  жарандардын жолдогу коопсуздугун камсыздоо үчүн жумшактыкка жол берилбеши керектигин белгиледи.  

Жеке автотранспорт ишканаларынын ишинин үзгүлтүккө учурашынын жана маршруттук таксилердин айдоочуларынын иш таштоосунун себептерин санап жатып, Сапар Исаков, мамлекеттик жана муниципалдык көзөмөлдөөчү органдар тарабынан айдоочулардан мыйзамсыз акча чогултуп жаткан учурлардан кабардар экенин билдирди.

«Мен Транспорт жана жолдор министрлигине караштуу транспорт инспекциясынын ишмердүүлүгүнө өзгөчө көңүл бөлөт элем. Мендеги маалымат боюнча, ар бир бригада бул инспекцияга айына 3 миң сом берип турушу керек экен», - деген Премьер-министр Сапар Исаков министр Жамшитбек Калиловго бир жуманын ичинде көрүлгөн чаралар тууралуу маалымат берүүнү тапшырды.

«Шаардык коомдук транспорт көйгөйүнө комплекстүү кароо керек: расмий эмес акча чогултууларды жок кылуу, жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу боюнча бардык талаптарды аткаруу жана камсыздандыруу документтеринин болушун камсыздоо, коомдук унаа менен камсыздоо системасын кайра карап чыгуу, анын ичинде автобустарды каттамга чыгаруу маселесин тез арада чечүү», - деди  Сапар Исаков.