04.07.2018 09:20

«Тумар» реабилитациялык борборунун тарбиялануучулары эс алуу үчүн Ысык-Көлгө жөнөп кетишти

«Тумар» реабилитациялык борборунун тарбиялануучулары эс алуу үчүн Ысык-Көлгө жөнөп кетишти

«Тумар» реабилитациялык борборунун тарбиялануучулары эс алуу үчүн Ысык-Көлгө жөнөп кетишти. Бул туурасында Бишкек мэриясынан билдиришти.  

Быйылкы жылдын жайкы мезгилинде шаар мэриясы аталган борбор менен бирге «Ысык-Көл - ден-соолуктун жана үмүттүн жээги» аталышындагы долбоорду ишке ашырууда.   

Анын  максаты - ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген 130 баланын  ден-соолугун чыңдоо жана социалдык интеграция. 

Бул долбоорго Бишкектин ар бир районунан 26дан бала болуп, бардыгы 104 бала жана «Тумар» реабилитациялык борборунун 26 тарбиялануучусу катышат. 

Балдардын жайкы эс алуусун камсыздоого шаар бюджетинен 480 миң сом каралган. Биринчи топ кечээ, 3-июлда жөнөтүлдү.