12.04.2018 13:50

Турак-үйлөрдү суу каптоо коркунучунан улам Кара-Дарыяны башка нукка буруу аракети көрүлүүдө

Турак-үйлөрдү суу каптоо коркунучунан улам Кара-Дарыяны башка нукка буруу  аракети көрүлүүдө

Ош облусунун Өзгөн районунда Кара-Дарыянын агымын башка жакка буруу жана убактылуу дамба  куруу иштери жүрүүдө, Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады. 

Эскерте кетсек, аталган райондо  Кара-Дарыя дайрасынын ташкындоосунан улам 200 гектарга жакын айдоо аянты суу астында калып, 50дөн  ашуун турак-жай чөгүп кетүү коркунучунда турат.  

Кечээ өкмөт башчы Сапар Исаков тийиштүү министрлик башчысы Кубатбек Бороновго жерине барып, абалды жеке көзөмөлгө алууну тапшырган.

Учурда 10 техника тартылып, 200 метрлик дамбаны куруу иштери жүрүүдө.