20.03.2018 17:10

Турат Сагындыков ээлеген кызматынан бошотулду

Сагындыков Турат Арстанбекович Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары Турат Сагындыков ээлеген кызматынан бошотулду.

Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Анда айтылгандай, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаковдун бүгүнкү буйругуна ылайык, Турат Сагындыков кызматынан бошотулат. .