15.03.2018 11:59

Турдакун Усубалиевдин ысымын тарых музейине ыйгаруу сунушталды

Турдакун Усубалиевдин ысымын тарых музейине  ыйгаруу  сунушталды

Бүгүн Жогорку Кеңеште көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Турдакун Усубалиевдин ысымын Бишкектеги Мамлекеттик тарых музейине ыйгаруу  сунушталды. Демилгени “Бир бол” фракциясынан депутат Алмасбек Акматов көтөрүп чыгып, ага жарандардан ушундай өтүнүч түшкөнүн билдирди.

Ошондой эле Усубалиевдин ысымын Бишкек шаарындагы Киев көчөсүнө берүү сунушу да айтылды. Депутат сунушту президент Сооронбай Жээнбеков менен  премьер-министр Сапар Исаковго жеткирүүнү айтып,  алардын Жогорку Кеӊештеги өкүлдөрүнө кайрылды.

Айта кетсек, айрым коомдук уюмдар Бишкектин Шабдан баатыр көчөсүн 7-Апрель көчөсү деп өзгөртүүнү, ал эми Шабдан баатырдын ысымын шаардагы Чүй кең көчөсүнө берүүнү сунуштап жатышат.

Турдакун Усубалиев - мамлекеттик жана саясий ишмер. Көп жыл мамлекеттик түрдүү кызматтарда иштеген. СССРдин Жогорку Советинин бир нече жолку чакырылышынын, КР Жогорку Советинин, Жогорку Кеңешинин депутаты болгон. Турдакун Усубалиев 2015-жылдын 7-сентябрында 96 жаш курагында дүйнөдөн кайткан.