15.05.2018 14:35

Туруктуу элдик кеңеш Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү талап кылууда

Туруктуу элдик кеңеш Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү талап кылууда

Туруктуу элдик кеңеш Бишкек шаарында жыйын өткөрүп, анын жүрүшүндө  Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдум өткөрүү талаптары айтылды, деп билдирет Азаттык.

Жыйында, негизинен, үч сунуш каралган.  Алар: элдик курултай институтун бийликти көзөмөлдөөчү орган катары бекитүү, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону өзгөртүү, сот системасын жакшыртуу маселесин Конституцияга киргизүү боюнча аракет кылуу.

Кеңеш мүчөлөрү парламенттеги депутаттардын санын 120дан 60ка кыскартууну жана бир мандаттуу шайлоо округунан партия эмес, депутат шайланышын талап кылышууда.  

Ошондой эле,  президент менен Жогорку  Кеңеш жыл сайын аткарган иштери боюнча элдик курултайда отчет беришин, жергиликтүү соттордун судьяларын жергиликтүү кеңештердин депутаттары шайлоосун талап кылып жатышат. Бул талаптарды Баш мыйзамга киргизүү боюнча демилгечи топ да түзүлгөнү айтылат. 

Былтыр апрелде Бишкекте өздөрүн "Улуттук мекенчил күчтөр" деп атаган топ жыйынга чогулуп, Туруктуу элдик кеңеш түзгөн. Анын курамына мурдагы башкы прокурор Азимбек Бекназаров, Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Эмилбек Каптагаев баштаган бир топ саясатчылар кирген.

Ал эми Конституция акыркы жолу 2016-жылы 11-декабрда өткөн референдум аркылуу өзгөртүлгөн.