06.08.2018 16:04

«Түндүкэлектр»: Эртең, 7-августта карызы бар үйлөрдө жарык аралыктан өчүрүлөт

«Түндүкэлектр»: Эртең, 7-августта карызы бар үйлөрдө жарык аралыктан өчүрүлөт

«Түндүкэлектр» ишканасы керектөөчүлөрдү колдонулган электр энергиясы үчүн акчаны убагында төлөөгө чакырат. Эртең, 7-августта карызы бар керектөөчүлөрдүн үйлөрүндө жарык аралыктан өчүрүлөт.

Ишканынын маалыматы боюнча, учурда Бишкек шаарынын тургундары электр энергиясы үчүн 53,6 млн.сом  карыз. 

«Түндүкэлектр» ишканасы төлөмдөрдү айкын убакыт ыргагында кабыл алаарын маалымдайт. Тактап айтканда, «Мобильник», «QIWI», «Quickpay», «UMAI» терминалдары, анын ичинде  "UMAI", «Мобильник» электрондук капчыктары жана «Айыл Банктын» кассалары аркылуу төгүлгөн акча тууралуу маалымат дароо «Тундүкэлектрдин» маалыматтар базасында чагылдырылат. 

«Үйүндө акылдуу эсептегичтер орнотулган керектөөчүлөр өз убагында акча төлөбөсө, жарык аралыктан өчүрүлөт да, акчаны толук төлөмөйүн, кайра күйгүзүлбөйт»,-деп эскертишет ишканадан.