17.09.2018 17:00

Түндүк-Түштүк альтернативдик жолу: жаңы жолдон үмүт чоң

Түндүк-Түштүк альтернативдик жолу: жаңы жолдон үмүт чоң

Өлкөнүн түндүгү менен түштүгүн байланыштырган альтернативдик жолдун биринчи фазасы дээрлик аяктап калды. Бул тууралуу жеринде иштеп жаткан кызматкерлер билдиришти. Көк-Арт ашуусунда эки тарабынан казылып жаткан тунелдин курулушу өз нугунда жүрүп жатат. Ал эми жергиликтүү тургундар жол боюнда бизнес баштоого камданышууда. Кабарчыбыз Аман Бакиров альтернативдик жолго Жалал Абад тарабынан барып, жүрүп жаткан ишке күбө болуп келди.