Түндө коменданттык сааттын шарттарын 80 адам бузду. Эң көбү Бишкекте
25-апрелге караган түнү өзгөчө абал жарыяланган аймактардан коменданттык сааттын эрежелерин бузган 80 адам кармалды. 5 автоунаа айып короого киргизилгенин Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Бүгүн түнү кармалган жарандар:
- Бишкек шаары боюнча 52 адам;
- Ош шаары боюнча 5 адам;
- Ат-Башы району боюнча 5;
- Сузак району боюнча 21 адам кармалды;
- Жалал-Абад, Нарын шаарларында, Кара-Суу, Ноокат районунда тартип бузгандар болгон жок.
Коронавирус коркунучунан улам 25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилген. Бул аймактарда саат 21:00 – 06:00 аралыгы коменданттык саат.
14-апрелде өзгөчө абалдын мөөнөтү 30-апрелге чейин узартылып, жогорудагы аймактардын катарына Нарын шаары жана Нарын облусунун Ат-Башы району да кошулду. Мындай жарлыкты президент чыгарып, Жогорку Кеңеш колдоп берген.
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Выбранная дата: