29.10.2018 12:51

Түнкү клубда каза тапкан жигиттин өлүмүнө шектүүлөр камакка алынды

Түнкү клубда каза тапкан жигиттин өлүмүнө шектүүлөр камакка алынды

Бишкекте Mansion түнкү клубунда токмок жеп каза болгон 17 жаштагы студенттин өлүмүнө  шектүүлөр  кармалды. Бул туурасында Бишкек шаардык ИИБден билдиришти.

Кармалгандар 17 жаштагы М.уулу.А. жана 18 жаштагы О.Р. болуп чыкты. Аларга 104-берене менен (атайылап ден соолукка оор залака келтирүү) кылмыш иши козголду.

Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга камакка алынып, иликтөө иштери жүрүүдө. Тиешелүү экспертиза дайындалды. 

Эскерте кетсек, окуя 28-октябрга караган түнү болгон. Түнкү 01:30 чамасында Октябрь райондук ИИБдин нөөмөт бөлүмүнө шаардагы түнкү клубдардын биринде мушташ болуп жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Жерине барган ыкчам-иликтөө тобу клубдан эс-учун жоготкон абалдагы жигитти көрүшкөн. Ал «Тез жардам» кызматынын унаасында эсине келбей каза тапкан. Кийин анын 17 жаштагы Б.А. аттуу бала экени аныкталган. 

Териштирүү учурунда, клубдагы балдар арасында уруш чыгып, ал мушташка айланып, андан каза тапкан бала катуу жаракат алганы белгилүү болгон.