26.10.2018 09:41

Түп районунда «Транзит» операциясы учурунда баңгизат менен эки адам кармалды

Түп районунда «Транзит» операциясы учурунда баңгизат менен эки адам кармалды

Ысык-Көл облусунун аймагында «Транзит» операциясынын алкагында бир сутка ичинде баңгизатты мыйзамсыз сактаган 2 учур катталды. Бул туурасында облустук ИИБден билдиришти.

25-октябрда милиция кызматкерлери тарабынан Түп районунун Ичке-Суу айылынын 44 жаштагы тургуну Т.Нурлан кармалды. Аны текшерүү учурунда 10 ширеңке кутусуна салынган гашиш табылды. Алынган баңгизаттын көлөмү 600 граммды түздү.

Ушул эле күнү ыкчам маалыматтан улам Балыкчы-Ананьево-Каракол унаа жолунда Кудургу айылынын жанынан «Мерседес-Бенц» автоунаасы токтотулган. Текшерүү учурунда жүргүнчүлөрдүн биринин курткасынын чөнтөгүнөн 60 грамм гашиш табылган. Жаран Ош шаарынын 41 жаштагы тургуну Т.Бактыбек экени такталган.

Бул фактылар боюнча Түп районунун ИИБи тарабынан 246-берене (баңгизатын мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо) менен кылмыш иши козголду. Экөө тең райондук милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Териштирүү жүрүүдө.