14.02.2019 09:31

Түптө 1-класстын окуучусун тээп, сүйрөгөн аялдын өздүгү аныкталды

Түптө 1-класстын окуучусун тээп, сүйрөгөн аялдын өздүгү аныкталды

Ысык-Көл облусунун ИИБ кызматкерлери баласынын классташын сабаган аялды кармашты. Чатак  6-февралда эле болуп өтүп, мектепте орнотулган байкоо камерасына түшүп калган. 

Эки бала тең Түптөгү Кайкин атындагы мектептин 1-классында окушат. Камерадагы тасмага караганда, экөө чатакташа кетип, бири экинчисин полго жыкты. Бул убакта бирөөсүнүн апасы келип калып, берки баланы чаап, жерге жатып калса, буту менен тээп, сүйрөгөнгө аракет кылды.

«Түп районунун ИИБине 7-февраль күнү Түп айылынын 37 жаштагы тургуну арыз менен кайрылды. Анда 6-февраль күнү, болжол менен 11:50 чамасында анын 1-класста окуган баласын классташынын апасы сабаганын жазган. Арызды текшерүү учурунда жашы жете электер менен иштеген инспекция кызматкерлери тасмадагы аялдын өздүгүн такташты. Ал ошол айылдын 38 жаштагы тургуну С. Нуриза болуп чыкты», -дешет милициядан.

Аталган факт Түп райондук ИИБде катталып, балага соттук-медициналык экспертиза дайындалды. 266-берене (бейбаштык) менен сотко чейинки өндүрүш башталды.