10.04.2018 12:27

Түркия кыргыз мигранттарына пенсия чегерет

Түркия кыргыз мигранттарына пенсия чегерет

Түркияда иштеп жүргөн 15 миң кыргызстандыкка пенсия чегерилет. Бул туурасында Социалдык фонддун башчысыТеңизбек Абжапаров билдирди. Айтымында, мындай макулдашууга Президент Сооронбай Жээнбековдун Түркиядагы иш сапарынын учурунда жетишилди. 

Кыргызстан менен  Түркия пенсиялык камсыздоо жана камсыздандыруу жөнүндө макулдашууга кол коюшту.  Эми кыргыз жана түрк жарандары пенсияга чыгууда бирдей укукка ээ.

«Мисалы,  кыргыз  жараны мекенинде он жыл иштеп, анан  Түркияга мигрант болуп кетти дейли. Ал жакта расмий түрдө жумушка орношуп, дагы он беш жыл иштеди. Кийин пенсияга чыкканда 15 жыл  үчүн  пенсияны Түркия  тарап төлөйт. Пенсия  жаран кайсы мамлекетте болсо, ошол жактын тарифи менен төлөнөт. Түркия өзүнүн мыйзамын колдонот, биз өзүбуздүкүн», — деп тушүндурдү  Теңизбек Абжапаров.

Маалыматка караганда, 15 миңден ашык кыргыз жараны Түркияда мыйзамдуу жол менен иштеп жүрөт. Ал эми, Кыргызстанда 5 миңден ашык түрк жараны эмгектенет.