Түркияда жүздөгөн кыргыз жараны ара жолдо калып, ачка отурушат
Түркиядан жүздөгөн кыргыз жарандары чыга албай турушат. Бул тууралуу аталган өлкөдө ара жолдо калгандар өздөрү билдиришип, “Апрель” редакциясына видео-кайрылуусун жөнөтүштү.
Маалыматка караганда, 350дөн ашуун кыргыз жарандары, арасында кары-картаң, студент, дарыланып жана иштеп жүргөн адамдар бар. Айтымдарына караганда, учурда алардын жата турчу жери жок. Каражаттары дагы түгөнүп баратат.
Алардын кайрылуусун толугу менен келтиребиз:
Саламатсызбы!
Биз Туркияда калган кыргыз жарандарыбыз.
Тилекке каршы аба жолдору эскертүүсүз жабылгандыктан Кыргызстанга кете албай калдык .
Арабызда 60.70.80 жашында апалар бар, студенттер жана дарыланганга келгендер бар. Көбүнүн жата турган жери жок.
СТУДЕНТТЕР бир бөлмөлүү үйдө 5-10 адам болуп жан багып жатышат. Тыйындары жок ачка калды.
Өкмөтүбүздөн , президентибизден суранабыз бизди алып кетсин.
Бул жерден бизге Замандаш партиясынан Жеңишбек Молдокматов бизге бир айдан бери азык-тулук, дары дармек , жана көчөдө калгандарды чогултуп, квартирасын төлөп жардам берип жатат.
Жеңиш байке болбосо, 1 айдын ичинде көбүбүз жолдо ачка калмакпыз!!!!
Сураныч кайдыгер карабай, бизге жардам берүүңүздү өтүнөбүз!
Чартердик рейс жөнөтүңүз, УРМАТТУУ өкмөт!!!
Бүгүн, 11-апрелге карата Кыргызстанда COVID-19 инфекциясын жуктургандардын жалпы саны 339 кишиге жетти. Ичинен 51и дарыгерлер.
Кыргызстанда COVID-19 вирусунун жайылышынын алдын алуу максатында Коопсуздук кеңешинин чечими менен жалпы билим берүүчү мектептердин окуучулары 16-марттан баштап эс алууга таратылган. Республика боюнча 18-марттан тартып өзгөчө кырдаал, ал эми коронавирус катталган айрым аймактарга 25-марттан баштап өзгөчө абал киргизген.
Ал эми 25-марттан тартып Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында жана Сузак, Ноокат, Кара-Суу райондорунда өзгөчө абал жарыялаган.
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Выбранная дата: