23.10.2018 08:30

Түркиядагы кыргыз мигранттары үйлөрүнө кайтышты

Түркиядагы кыргыз мигранттары үйлөрүнө кайтышты

Түркиядан келе албай жаткан кыргыз мигранттары үйлөрүнө жиберилди. Бул туурасында КРнын  Стамбулдагы Башкы консулдугуна таянып, ТИМ билдирди.

Буга чейин мигранттардын туугандары жардам сурап April.kg порталына кайрылышкан. 

Стамбул шаарындагы Башкы консулдуктун маалыматына караганда, кетүүгө камданган 17 кыргызстандык төлөнө элек маяналарын толук алып, 20-октябрда Кыргызстанга келишти.  

«Түркияга бара тургандар эмгек келишимине кол коердун алдында иштин шарты жана  эмгек акы тууралуу тактап алып, анан барышса», -деген оюн билдирет консулдук.