17.10.2018 15:32

Түркиядан аткезчилик жол менен алынып келген дарылардын ири партиясы колго түшүрүлдү

Түркиядан аткезчилик жол менен алынып келген дарылардын ири партиясы колго түшүрүлдү

«Манас» аэропортунда аткезчилик жол менен алынып кирген дарылардын ири партиясы колго түшүрүлдү. Бул туурасында УКМКдан билдиришти.

Алынган «Прегабалин («Лирика») таблеткаларынын партиясы бир ЖЧК жетекчисине таандык экени аныкталды. Ичинде 170 миңден ашык даана дары бар, жалпы салмагы 115 кг болгон эки кап Түркиядан алынып келинген.

Алдын-ала эсептөөлөр боюнча аткезчилик менен кирген жүктүн наркы 25 млн.сомду түзөт. Дарылар документте токулма буюмдар катары жазылган. 

2018-жылдын 16-октябрында бул факт боюнча УКМК 204-берене (аткезчилик) жана 316-берене (шалаакылык) менен кылмыш ишин козгогон. 

Учурда контрабандалык жүктү ташууга катышкан бардык жарандарды аныктоо иштери жүрүп жатат.

Маалымат: Прегабалин (сатыктагы аталышы«Лирика», «Габана», «Альгерика», «Неогабин», «Линбаг») — талма оорусуна каршы каражат.