10.09.2018 17:11

Түркиянын КРдагы элчилиги: «Сапат» мектептери «Маариф» фондунун балансына өткөрүлөт

Түркиянын КРдагы элчилиги: «Сапат» мектептери «Маариф» фондунун балансына өткөрүлөт

«Сапат» мектептери Түркиялык салык төлөөчүлөрдүн акчасына салынган. Бул тууралуу Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Женгиз Камил Фыратка таянып,  24. kg агенттиги жазып чыкты. 

Маалыматта, элчи жыйында мектептин ишмердүүлүгүнө түшүндүрмө берип жатып, окуу жайдын жабылышы тууралуу кеп болбогондугун, жөн гана аны мамлекеттин карамагына өткөрүп берүү керектигин баса белгилегени айтылат.

«Мурунку «Себат» билим берүү мекемелери түрк салык төлөөчүлөрүнүн акча каражаттарына салынган. Мындан улам, биз аны мамлекеттин, «Маариф» фондунун балансына өткөрүүнү туура көрүүдөбүз», -деди элчи.

Анын айтымында, аталган фонд өзүнүн карамагында турган мектептерди ачуу ниетинде.