19.10.2018 12:53

Түштүк Кореяга жумушка орноштурууну убада кылып, 30 адамды алдап кеткен шылуун кармалды

Түштүк Кореяга жумушка орноштурууну убада кылып, 30 адамды алдап кеткен шылуун кармалды

Чүй облусунун Сокулук районунда бир нече адамды ишке орноштурам деп алдап, акчасын алган жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБинин басма сөз кызматы маалымдады. 

Билдирүүгө ылайык, кылмышка шектелген П.В. аттуу адамдын үстүнөн Сокулук РИИБине 30 адам арыз менен кайрылган. Анда П.В. 2017-жылдын күзүндө Түштүк Кореяга жумушка орноштурам деп акча алганын жазышкан. Алдангандардын арасында 1 миң 500 доллардан 4 миң долларга чейин акча бергендер бар.

«38 жаштагы өзбек жараны акчаны Түштүк Кореяга барууга документ даярдоого керек болот деген шылтоо менен алып, акча бергендерге кабарын билдирбей качып кетип жүргөн. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө, шектүү буга чейин да, 2017-жылы алдамчылыкка айыпталып, 12 жылга эркиндигинен ажыратылгандыгы белгилүү болду. Ал жаза мөөнөтүн Балыкчы шаарындагы жатак абагында өтөмөк, абакта жатып да алдамчылык менен алектенип жүргөн жана кийинчерээк качып кеткен. Андан кийин бир нече адамдан алдап акча алууга үлгүргөн. Издөө жарыяланган кылмышкер 2018-жылдын февраль айында Казакстанда кармалып, Кыргыз өлкөсүнө өткөрүлүп берилген», - деп жазылат маалыматта.

Анда белгиленгендей, П.В. абактан качканда ага Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (Жаза мөөнөтүн өтөгөн жерден качып кетүү) беренеси менен кылмыш иши козголгон. Эми ага алдамчылык беренеси менен да кылмыш иши козголду. Ал буга чейинки 9 жыл 4 ай 19 күндүк жаза мөөнөтүн өтөй элек.