25.04.2019 12:02

Түштүк магистралдагы жол кырсыгы. Тосмону калыбына келтирүү үчүн 100 миң сом кетет

Түштүк магистралдагы жол кырсыгы.  Тосмону калыбына келтирүү үчүн 100 миң сом кетет

Бишкектин Түштүк магистралында 25-апрелге караган түнү болгон жол кырсыгынан мэрия 100 миң сом зыян тартты. Унаа сүзүп кеткен тосмо менен бордюрларды калыбына келтирүү үчүн дал ушунча суммадагы акча керектелет,  деп билдиришти муниципалитеттен. 

Эскерте кетсек, бүгүн түнү Токомбаев көчөсүндөгү «Ала-Тоо» ресторанынын маңдайында жол кырсыгы болгон.  «Мерседес» унаасын айдап бараткан 18 жаштагы кыз рулду башкара албай калып, жолду бөлүп турган тосмону сүзгөн.

Мэриянын аппарат жетекчиси Балбак Түлөбаев билдиргендей, унаада мамлекеттик номер жок болгон. «Эки кыз жеңил жаракаттар менен 4-шаардык ооруканада жатат. Унаадагы 3 жигит окуя болгон жерден качып кетти. Аларды милиция издөөдө. Биз качан оңолобуз? Биз качан эмгекти баалайбыз? Карагылачы эми, биз курсак, кайра талкалап жатышат. Ыйлагын келет», -деп жазган Түлөбаев.

Мэриянын маалыматына караганда, мындай окуялар ар бир түнү кайталанат. Буга чейин ушундай жол кырсыгы 150 миң сомдук зыян келтирген.