02.03.2020 18:38

Түз эфир! Садыр Жапаровду колдоо үчүн митингге чыккандар ак үйдү көздөй бет алышты

Садыр Жапаровду колдоо митингине чыккандар ак үйдү көздөй бет алышты. Бул тууралуу “Апрель” телеканалынын кабарчысы билдирет.

Маалыматка караганла, митингчилердин алдына көбүнесе айымдар чыгышкан. Ала-Тоо аянтында таш ыргытылып, Садыр Жапаровдун айрым тарапкерлери менен милициянын кагылышы орун алууда. Митингчилер Ак үйдү көздөй багыт алган учурда милициянын атайын күчтөрү суу чачып, көздөн жаш агызчу газ колдонду. Учурда митингчилер чыгышты көздөй качышты.

Бүгүн Ала-Тоо аянтында камактагы саясатчы Садыр Жапаровду бошотуу талабы менен митинг өтүп жаткан.

Буга чейин Ички иштер министрлиги митинг учурунда мыйзамга каршы иш кылып, абалдын туруктуулугун бузууга аракеттенгендер катуу жазага тартыларын эскерткен .