12.12.2018 12:00

Төрт кулагы бар, көзү жок. Таласта өзгөчө музоо туулду

Төрт кулагы бар, көзү жок. Таласта өзгөчө музоо туулду

Талас облусунун Калба айылындагы тургундун уюнун ичинен өзгөчө музоо чыкты. Таң калган мал ээси аны тасмага тартып, April.kg порталына жөнөткөн.

«Музоосу арты менен келип калып, энеси тууй албай атканынан, уйду сойгонбуз. Анан ичинен ушундай музоо өлүк чыкты. Башы жок, көзү жок.  Эки чоң кулагы, алардын астында дагы эки кулак бар экен. Бирок, кулактардын тешиги жок экен. Мындай окуя биздин айылда мурун-кийин болгон эмес. Айылыбыз Жерүйгө жакын, ошондон көрүп атабыз», -дейт тургун.