07.06.2018 13:47

Төө буурчактын баасы арзандады

Кыргызстанда өндүрүлгөн төө бурчактын сапаты дүйнөлүк базарда жогорку баага ээ. Бир нече жылдан бери Талас облусунун тургундары аталган дан өсүмдүгү менен алектенип, жан багып келишет. Талаада эркектер гана эмес, аялдар да жеңин түрүп эмгектенишет.

Жакында төө бурчактын наркы эки эсе арзандап кеткен. Буга чейин орточо баа 65 сом болсо, учурда 30 сомго бааланууда. Дыйкандар эмгеги акталбай жатканына кыжыры келип, өкмөттүн эшигин каккылап жатышат. Себеби баанын түшүп кетишине эч кандай жүйөөлүү негиз жок. Бул жөн гана оюнбу? Же төө бурчактын наркы эмнеге көз каранды?