24.09.2018 11:58

Төө-Ашуу ашуусундагы туннель маал-маалы менен жабылып турат

Төө-Ашуу ашуусундагы туннель маал-маалы менен жабылып турат

Төө-Ашуу ашуусундагы К.Көлбаев атындагы туннелде жыл сайын өткөрүлүп туруучу вентиляциялык системаны оңдоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Транспорт министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 18-сентябрдан 30-сентябрга чейин туннел аркылуу өтүүчү унаалар график менен жүрүп турмакчы.

08.00-9.30, 14.00-15.30 — оңдоо иштери жүрөт,

09.30-14.00, 15.30-8.00 —унаа каражаттарын өткөрүү.