18.10.2018 12:42

Төө-Ашуудагы абал: Тиешелүү кызматтар баары жакшы деп ишендиришет

Төө-Ашуудагы абал: Тиешелүү кызматтар баары жакшы  деп ишендиришет

Төө-Ашууда кечээ, 17-октябрда кечке маал жүк ташуучу унаалардын айынан тыгын жаралды. Бул туурасында April.kg порталынын «Элдик кабарчы» бөлүмүнө айдоочулардын бири билдирди.

Окурман былтыр эле жасалган жолдо дөңгөлөктөрүнө чынжыр тагылган фуралардын өтүп жатканына нааразычылыгын билдирди. Ал ошондой эле, жолго кум чачылбаганын, кырдаалды көзөмөлдөөчү инспекторлордун жок экен белгиледи.

April.kg бул тасмадан улам Төө-Ашуудагы абалды билүү максатында тиешелүү кызматтарга кайрылды. 

Чүй облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын маалыматына караганда, кечээ Сосновкадагы көзөмөл-өткөрүү пунктунда жүк ташуучу унаалар тыкыр көзөмөлдөндү. Кырсыктардын алдын-алуу максатында ар бир фура токтотулуп, дөңгөлөгүндө чынжырдын, ошондой эле, машина тайгаланса, дөңгөлөктүн астына кум себүүдө колдонулуучу күрөк менен чаканын бар экени  текшерилди.

«Кар жаап, кооптуу кырдаал жаралган учурда негизи эл ташыган унааларга  чектөө коюлат. Кечээ мисалы, 7 кишиден ашык жүргүнчү ташыган унааларга чектөө койгонбуз. Ал эми, оор жүк ташуучу унаалардын техникалык талаптарга жооп бербегендерин гана артка кайтарып жаттык. Азыр Төө-Ашууда аба ырайы ачылып баштады. Эч кандай тыгын жок. Бул жакта ӨКМден жумушчулар жүрүшөт. Транспорт жана жолдор министрлигинин жолчулары кум сээп атышат», -деп билдиришти маалымат кызматтан.

ӨКМ өз кезегинде April.kg редакциясына Бишкек-Ош унаа жолунда унаа тыгындарын болтурбоо, айдоочулардын коопсуздугун камсыздоо жана өзгөчө кырдаалдарга ыкчам чара көрүү максатында Төө-Ашуу ашуусунда ӨКМдин  Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунан 1 даана УРАЛ унаасы, ашуудан 24 чакырым алыстыктагы ФАПта 6 куткаруучу нөөмөттө турганын билдирди. Ошондой эле Бишкек-Ош унаа жолунун 238-чакырымында (Итагар станциясы)  2 куткаруучу 1 даана КамАЗ унаасы менен нөөмөттө турушат. 

«Биздин куткаруучулар жол кырсыктары, же кар көчкү жүргөн учурларда жардамга келишет», -дешти аталган мекеменин маалымат кызматынан.