01.10.2018 14:25

Учак жетишсиздигинен Ош-Москва багытындагы эки каттам токтотулду

Учак жетишсиздигинен Ош-Москва багытындагы эки каттам токтотулду

«Avia Traffic» компаниясы учак жетишпей жатканына байланыштуу Ош-Москва багытындагы эки каттамын токтотту. Ош аэропортунун сурап-билүү кызматы билдиргендей, 1-октябрда №741 жана 747 каттамдар учпай калды. Жүргүнчүлөр кийинки каттамдарга которулууда, деп жазат «Азаттык».

Маалыматта, караганда, каттамдар токтотулары тургандыгы жөнүндө жүргүнчүлөргө алдын-ала маалымат берилген эмес. Алар бул тууралуу аэропортко келгенде гана билишкен. 

Кыргызстандын авиация эрежелерине ылайык, учак компаниялардын күнөөсү менен учпай калганда же кечиккенде жүргүнчүлөргө компенсация төлөнөт же башка талаптар аткарылууга тийиш. Мисалы, төрт сааттан ашык кечигүүдө билет баасынын 10%, сегиз сааттан көп кармалган учурда 25% төлөнүүгө тийиш. Бул тууралуу өлкөнүн Авиация эрежесинин 9-бөлүгүндө жазылган.

Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда 36 учак бар. Анын тең жарымы жараксыз.

Кыргызстандын Аба кодекси 167 беренеден турат жана анда авиакыймыл жана учуу эрежелери жазылган. Жарандар талаштуу учурларда «Керектөөчүнүн укуктарын коргоо жөнүндө» мыйзамга таянып чара көрүшү мүмкүн. 

Эскерте кетсек, кечээ, 30-сентябрда Москва-Ош каттамы менен уча турган учак белгисиз убакытка жылдырылган.