26.10.2018 11:32

«Учкун» кичирайонунун жашоочулары: Заводдон чыккан жыттан дем алууга мүмкүн эмес

«Учкун» кичирайонунун жашоочулары: Заводдон чыккан жыттан дем алууга мүмкүн эмес

Бишкектеги «Учкун» кичирайонунун жашоочулары аталган райондо тараган уулуу, жагымсыз жыттан жабыркап келишет. Бул тууралуу  April.kg порталына жергиликтүү тургун Адиль Сулайманов билдирди. 

Анын айтымында, кичирайондун аймагында ири мүйүздүү малды багып, сойгон завод бар. Жанында таштандыны иштеп чыгуучу завод иштейт. Кечки 18:30дан баштап, жагымсыз жыт күчөп баштайт.

«Биз райондук администрацияга кайрылганбыз – эч кандай жыйынтык жок. Санэпидемстанция кызматкерлери бир жыл мурун келип кетишкенден, андан деле пайда болгон жок, жыт дагы эле турат. Аларга заводдун ээлери акча берип коюшса керек», - дейт нааразы тургун.

Октябрь райондук акимиаттан April.kg порталына жыт кайдан чыгып жатканы так белгисиз экенин айтышты. Эки завод тең менчик болуп эсептелгендиктен, ал аймакка уруксаатсыз кире алышпайт.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы буга чейин жашоочулардан арыз түшкөнүн белгилешти. Алардын өтүнүчү Бишкек санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун кароосуна жөнөтүлгөн. мекемеден качан жооп болоору белгисиз.

«Бул сасыган, уулуу жыт биздин ден соолугубузга зыян келтирип жатат. Жардам бергиле, суранабыз. Балким, алар фильтр коюшаар, же дагы башка жолун тапсын. Дем алууга мүмкүн эмес», - деп суранышат кичирайондун тургундары жергиликтүү бийликтен.