23.04.2018 12:29

Учурда өлкө боюнча 205 миң "акылдуу" электр эсептегичтер орнотулган

Учурда өлкө боюнча  205 миң  "акылдуу" электр эсептегичтер орнотулган

Ушу тапта өлкө аймагы боюнча 205 миӊ «акылдуу» электр эсептегич орнотулду.  Бул туурасында Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин  төрагасынын орун басары Азамат Оморов Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинде билдирди.

Аталган комитет  Кредиттик макулдашууну жана “Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын уюштуруучуларынын атайын фондунун каражаттарынын эсебинен “Чыгыш электр” ачык акционердик коомун реабилитациялоо долбоору үчүн берилүүчү инвестициялык грант боюнча гранттык макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды.

Азамат Оморовдун айтымында, ушу тапта өлкө аймагы боюнча 205 миӊ «акылдуу» электр эсептегич орнотулду. Бул кардарлардын  15 пайызын түзөт.  «Биз Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын Атайын фондунан ала турган кезектеги гранттык каражатка да «акылдуу» эсептегичтер сатылып алынмакчы», - деди ал.

Депутаттардын айтымында,  буга чейин сатылып алынган электр эсептегичтер ар түрдүү, баасы дагы ар кандай, сапаты начар болгондуктан, башаламандык өкүм сүрүп келген. Ошондуктан, аларды бирдей стандартка өткөрүү зарыл.  Андан сырткары эл өкүлдөрү өлкө аймагы индукциялык электр эсептегичтер менен качан толук жабдылып бүтөрүнө кызыкты.

Баяндамачы өткөн жылы Улуттук энергохолдинг «акылдуу» эсептегичтердин бирдей стандартын бекиткенин, азыр ошол талап сакталып жатканын билдирди. “Азырынча каражат тартыш болгондуктан, адегенде эски, техникалык жоготуулар жогору болгон жерлерде алмаштырылып жатат,  бара-бара башка кардарлар да жабдыла баштайт”, -деди Оморов.