25.06.2018 11:48

УКМК 2 айдын ичинде 117 кылмыш ишин козгоду

УКМК 2 айдын ичинде 117 кылмыш ишин козгоду

2018-жылдын май-июнь айларынын аралыгында КР МУКК ККК тергөө бөлүмдөрүнүн жана башка укук коргоо органдарынын материалдары боюнча 117 кылмыш иши козголгон, анын ичинен 60 кылмыш иши коррупциялык багытта болду. Бул туурасында УКМКнын басма сөз борборунан билдиришти. 

Кыргыз Республикасынын МУКК тарабынан бюджеттик каражаттарды уурдоо жана мыйзамсыз чыгарып кетүү ( кошумча нарк салыгын мыйзамсыз кайтарып алуу) фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында келтириген чыгымдын жалпы суммасы 1 млрд. 150 млн. 545 миң. 549 сомду түзүп, алардын ичинен 95 млн. 478 мин. 692 сом мамлекеттик бюджеттин пайдасына түшкөн.

Башка козголгон кылмыш иштери боюнча аныкталган чыгым 519 млн. 219 миң. 937 сомду түзгөн.