29.08.2018 15:55

УКМК абагындагы Жантөрө Сатыбалдиевдин ден соолугу начарлоодо

УКМК абагындагы Жантөрө Сатыбалдиевдин  ден соолугу  начарлоодо

УКМКнын тергөө абагында жаткан мурунку өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев жүрөк оорусунан улам, түнкүсүн уктабай чыгууда. Бул тууралуу камактагы  аткаминердин ал-абалын билип келген Акыйкатчы институтунун кызматкерлери айтып чыгышты. 

Билдирмеге караганда, институттун өкүлдөрү Сатыбалдиевдин адвокатынын өтүнүчүнүн негизинде тергөө абагына барган.

«Акыйкатчы институтунун өкүлдөрү буга чейин дагы экс-премьерди барып көргөн. Ошондо Сатыбалдиев 2013-жылы анын жүрөгүнө операция жасалып, маал-маалы менен текшерүүдөн өтүп, дарыланып жатканын билдирген. Ал ошондой эле дарыгерлер ага көп басууну жана текшерүүдөн өтүп турууну айтышканын белгилеген. Ал эми камакка алынгандан кийин анын абалы начарлап, тез жардам кызматын чакырган учурлар болгон. Сатыбалдиев оорудан улам түнкүсүн уктай албай жатат», — деп айтылат маалыматта.

Бул боюнча Акыйкатчынын аппараты тергөө абагынын жетекчилигине расмий кат жөнөтүп, УКМК өкүлдөрү менен жолугушуу өткөргөн. УКМК жетекчилиги өз учурунда Сатыбалдиев жакын арада комплекстик текшерүүдөн өтөрүн маалымдашкан.

Эскерте кетсек, Жантөрө Сатыбалдиев 18-июнь күнү Бишкек ЖЭБине байланыштуу козголгон иш боюнча кармалган. Ал Кылмыш - жаза кодексинин 30-беренесинин 6-бөлүгү (кылмышка шериктеш болуу) жана 303-берененин 1-бөлүгү (коррупция) боюнча айыпталууда. Сатыбалдиев учурда УКМКнын тергөө абагында кармалып турат.