08.08.2019 23:54

УКМК: Бабанов Кыргызстанга келсе, жоопко тартылат

УКМК: Бабанов Кыргызстанга келсе, жоопко тартылат

Өмүрбек Бабанов Кыргызстанга кайтып келсе, мыйзам чегинде жоопко тартылат, деп билдирет УКМК. 

Комитеттин маалыматына караганда, учурда Ө.Бабановго карата козголгон эки кылмыш ишин иликтенүүдө. Алар Ош шаарындагы «Амир-Тимур» кичи районунда провокациялык маанидеги сүйлөгөн фактысы боюнча, экинчиси бийликти күч менен басып алуу жана массалык баш аламандыкты даярдоо боюнча козголуп, учурда токтотулган кылмыш иши.

«Азыркы тапта биринчи кылмыш иши боюнча тергөө иштери уланып жатат. Эгерде Ө.Бабанов Кыргызстанга кайтып келсе, мыйзам чегинде жоопко тартылат»,-деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, бүгүн «Республика» партиясы Өмүрбек Бабанов өлкөдөгү акыркы кырдаалдарга байланыштуу Кыргызстанга келүү чечимин кабыл алганын билдирген.