13.07.2018 11:33

УКМК Бирдиктүү депозит эсебине дагы 13,3 млн. сом которду

УКМК Бирдиктүү депозит эсебине дагы  13,3 млн. сом которду

УКМК коррупция менен күрөшүүдөн кайтарылган каражаттардын бирдиктүү депозиттик эсебине кезектеги акча төлөмдөрүн которду. Бул туурасында аталган кызматтын басма сөз борборунан билдиришти. 

Маалыматта: «2018-жылдын 12-июлунда КРнын МУКК тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ушул жылдын 22-июнундагы № 298-токтомуна ылайык, КР Каржы министирлигинин Бирдиктүү депозиттик эсебине кезектеги акча төлөмдөрү 13,3 млн. сом өлчөмүндөгү акча каражат которулду. КР МУКК коррупцияга каршы күрөшүү багытындагы ишмердүүлүгүнүн алкагында мамлекетке кайтарылган каражаттардын жалпы суммасы 109,2 млн. сомду түздү», -деп айтылат.

Эскерте кетсек, 11-июль күнү УКМК Бирдиктүү депозиттик эсепке 95,9 млн сом которгонун билдирген.