14.08.2018 10:36

УКМК Бирдиктүү депозиттик эсепке баш-аягы 141, 604 млн. сом которгонун маалымдады

УКМК Бирдиктүү депозиттик эсепке баш-аягы 141, 604 млн. сом которгонун маалымдады

УКМК коррупция менен күрөшүүдөн кайтарылган каражаттардын бирдиктүү депозиттик эсебине кезектеги акча төлөмдөрүн которду. Бул туурасында аталган кызматтан билдиришти. 

2018-жылдын 10-августунда КРнын МУКК тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ушул жылдын 22-июнундагы № 298-токтомуна ылайык КР Каржы министирлигинин Бирдиктүү депозиттик эсебине кезектеги акча төлөмдөрү 2,15 млн. сом өлчөмүндөгү акча каражат которулду.

КР МУКК коррупцияга каршы күрөшүү багытындагы ишмердүүлүгүнүн алкагында мамлекетке кайтарылган каражаттардын жалпы суммасы депозиттик эсептин ачылганынан бери 141, 604 млн. сомду түздү.