29.08.2018 13:27

УКМК: Дархан айылынын суусуз калганына ортодо «акча жеп» койгондор күнөөлүү

УКМК: Дархан айылынын суусуз калганына ортодо «акча жеп» койгондор  күнөөлүү

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Дархан айылын таза суу менен камсыздоодо арзан жана сапатсыз суу түтүктөрү орнотулган. Учурда бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүүдө. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматы April.kg порталында 27-августта жарык көргөн макалага жооп катары билдирди. Айтымдарында, айыл тургундары жагдайды түшүнбөй туруп, суусуз калгандарына УКМК кызматкерлерин күнөөлөп жатышат. Казуу иштерин жүргүзүүгө Дархан айылын таза суу менен камсыздоо тутумун оңдоо учурунда мыйзам бузуулар аныкталганы себеп болгон. 

«2017-жылдын октябрында өткөрүлгөн тендердин жыйынтыгы менен Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондун башкаруу дирекциясы жана жеке ишкер  И.Азизовдун ортосунда Дарханга суу киргизүү максатында 784 миң сомго 1 600 метр поливинилхлориддүү түтүк жеткирүү тууралуу келишим түзүлгөн. Бирок,  Мамлекеттик экотехинспекциянын Каракол шаары, Түп, Ак-Суу жана Жети-Өгүз району боюнча аймак аралык башкармалыгы текшерүү учурунда келишимдин шарттары аткарылбаганын аныктады. Тактап айтканда, келишимде көрсөтүлгөн поливинилхлориддүү түтүктүн ордуна сапатсыз жана арзан түтүк алынып келинип, орнотулган», -дейт Коопсуздук кызматы.

Мындан улам, айылдын айрым көчөлөрүнө суу берүү үзгүлтүккө учураган. 2018-жылдын 29-июнунда бул факт боюнча Жети-Өгүз районунун прокуратурасы тарабынан 304-берененин 2-бөлүгүнүн (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) негизинде кылмыш иши козголгон. Учурда УКМК органдары тарабынан териштирүү жүрүүдө. 

«Тергөө аяктагандан кийин, иш сотко өткөрүлөт. Ал эми, айылдын таза суу берүү тутуму качан оңдолоорун жана ким оңдой турганын биз айта албайбыз. Сот сапатсыз түтүк орнотуп койгон жалданма уюмду оңдоп берүүгө милдеттендирип коюшу мүмкүн. Баары соттон кийин белгилүү болот», -дейт маалымат кызмат. 

Эскерте кетсек, буга чейин Дархан айылынын «Желдең таза суу» бирикмесинин жетекчиси Нурлан Баймуратов April.kg порталына кайрылып, УКМК кызматкерлери айылга суу кеткен түтүктү казып атып жарып салып, 2 айдан бери айыл эли, мектеп, бала бакча таза суусуз отуруп калды деп билдирген.