17.09.2018 16:30

УКМК: Эл аралык террористтик уюмдун согушкери кармалды

УКМК: Эл аралык террористтик уюмдун согушкери кармалды

Сирия аймагындагы бандиттик түзүмдөрүнүн курамында согуш аракеттерге катышып, террордук актыларды даярдоо максатында жиберилген эл аралык террористтик уюмдун согушкерлеринин Кыргызстандын аймагына кирүүсүнө бөгөт коюу максатында улантылып жаткан контртеррористтик иш чаралардын алкагында, 1997-ж.т., КР жараны «Б.Ш.»кармалды.

«Б.Ш.» акыркы жылдары жакынкы өлкөлөрдүн биринде болуп, ЭТУ башчыларынын тапшырмасы боюнча, бантиттик түзүмдөрдүн курамына кошулуп согуш аракеттерге катышуу үчүн Сирияга кеткени жаткан. 

Азыркы убакта МУКК органдары тарабынан бул факт боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 27-226-4- (Кыргыз Республикасынын жараны чет мамлекеттин аймагында куралдуу кагылыштарга же согуштук аракеттерине катышуусу же террорчулук жана экстремисттик даярдыктан өтүшү) беренеси жана 299-1(Улуттук (этностор аралык), расалык, диний же регион аралык кастыкты козутууга багытталган уюшкан иш-аракет) беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Кармалган адам КР МУКК Тергөө камак жайына киргизилди. Тергөө жүрүп жатат.