30.10.2018 10:10

УКМК «Илмиянов алды» делген 150 миң доллар боюнча бардык жагдайларды тактайт

УКМК  «Илмиянов алды» делген 150 миң доллар боюнча бардык жагдайларды тактайт

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети «Илмиянов алды» делген 150 миң доллар боюнча бардык жагдайларды тактайт. Бул туурасында аталган мекеменин маалымат кызматынан билдиришти.

Атайын кызмат КСДП партиясы менен бул жаатта кат алышуу болгонун төгүндөгөн жок. 

«Азыркы учурда мурда козголгон кылмыш ишинин алкагында тергөө уланууда. Тергөө иштери ар тараптуу жана объективдүү жүргүзүлүүдө. Көрсөтүлгөн акча каражаттарынын келип чыгышы жана сарпталышы боюнча бардык жагдайлар такталып жатат. Учурда И.Илмиянов тергөө органдары менен активдүү кызматташууда.Тергөөдө И.Илмияновдун акча каражатын алгандыгы боюнча жетишерлик далилдер бар»,-деп айтылат УКМК тараткан маалыматта.