УКМК Кой-Таштагы тополоңдо жай жарандын каза тапканы тууралуу маалыматты төгүндөдү
Кой-Таштагы тополоңдо жай жаран спецназ жоокерлеринин ур-токмогунан каза тапканы тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт, деп билдирет УКМК.
«Азыркы убакта КР Саламаттыкты сактоо министрлиги Кой-Таш окуясында бир адам, КР УКМК атайын күч кызматынын орун басары каза болгондугун расмий билдирген. Мындан башка Кой-Таштагы окуялардан жабыркагандардын арасында каза болгондор тууралуу факты катталган эмес. 130 ашуун адам ар кандай жаракаттар менен медициналык жардамга кайрылышкан», -дешет мекемеден.
Эскерте кетсек, бүгүн Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина Кой-Таштагы башаламандыкта спецназдын ур-токмогунан бир тынч жаран каза тапканы тууралуу маалымат түшкөнүн, учурда анын чын-бышыгы териштирилип жатканын билдирген.
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Выбранная дата: