21.09.2018 15:30

УКМК: Кубанычбек Кулматов Кыргызстандын жарандыгын берүү тууралуу арыз менен кайрылган эмес

УКМК: Кубанычбек Кулматов Кыргызстандын жарандыгын берүү тууралуу арыз менен кайрылган эмес

Бишкектин мурунку мэри Кубанычбек Кулматов Кыргызстандын жарандыгы тууралуу арыз менен кайрылган эмес. Бул туурасында УКМКдан билдиришти. 

Маалыматка караганда, УКМК 14-июнда Кулматов жана башка адамдарга карата 350-берене (Документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды колго жасоо, даярдоо, сатуу же алардын жасалмаларын пайдалануу) жана 346-берене (Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү) менен кылмыш иши козголгон. 

Кубанычбек Кулматов 1995-жылы 11-октябрда СССРдин жараны паспортун жоготуп алганына байланыштуу Россиянын паспортун алган, мунун арты менен ал орус жарандыгына ээ болгон.

2008-жылы 45 жашка чыкканда паспортун РФнын жаранынын жаңы паспортуна алмаштырган. Бул учурда ал КРда Бажы кызматынын төрагасынын биринчи орун басары катары иштеп аткан. 1996-жылы 26-ноябрда РФ жараны болуп туруп, СССРдин жараксыз (жоголгон) паспортун колдонуу менен мыйзамсыз түрдө КР жаранынын паспортун алган.  2001-2003-2013-жылдары ар бир нече жолу паспортун алмаштырган. 

«Мындай жол менен Кубанычбек Кулматов паспорт столдун кызматкерлерин алдап, жараксыз паспортун колдонуп, Ф-1 арызындагы жарандыгы көрсөтүлчү жерге калп маалымат киргизүү менен 1996-жылы Кыргыз Республикасынын жараны деген паспорт алууга жетишкен. Аны менен, Россия жараны болуп туруп, кыргыз жарандыгын мыйзамсыз алган. Мыйзам боюнча, Кулматов президенттин атына жарандыкка алуу боюнча кат жүзүндө кайрылып, анда башка мамлекеттин жарандыгынан баш тартаары тууралуу маалымдашы керек эле. Кубанычбек Кулматов мындай кылган эмес», - деп билдиришти УКМКдан. 

Коопсуздук кызматынан экс-мэрге карата кылмыш иши мыйзам талаптары менен териштирилип жатканын белгилешти.