11.05.2018 13:25, Аман Бакиров

УКМК Кубанычбек Кулматовдон TBEA компаниясы тууралуу сураштырды

УКМК Кубанычбек Кулматовдон TBEA компаниясы тууралуу сураштырды

Кубанычбек Кулматов  туура 3 саат УКМКда сурак берди. Коопсуздук кызматынын кызматкерлери  бажы кызматынын төрагасын кытайлык TBEA компаниясы берген грант  боюнча маалымат алуу үчүн чакырткан. Бул туурасында Кулматов өзү April.kg порталына  билдирди. 

Эске сала кетсек, Кубанычбек Кулматов Бишкек шаарынын мэри болуп турган кезде Калыс-Ордо конушунда жаңы  мектеп курулган. Окуу жайды ЖЭБти модернизациялап берген "айтылуу" TBEA  компаниясынын грантына салышкан.  

Аталган мектепти курууда кандайдыр-бир мыйзам бузуулар катталган эмес. 

Кулматовдун айтымында, УКМК аны суракка дагы чакыртышы мүмкүн.