03.04.2018 11:00

УКМК Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басарын камакка алды

УКМК Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басарын камакка алды

Мамлекеттик салык кызматынын  төрагасынын  орун басары Кубанычбек Кумашов  коррупциялык иш-аракеттерге тиешеси бар деген жүйөө менен  кармалды. Бул  тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты.

Салыкчы Мамлекет бюджетинен  кошумча нарк салыгын «Интеррустрейд» жана «Полларис» ЖЧКларынын пайдасына мыйзамсыз кайтарып берүү  боюнча козголгон кылмыш  ишинин алкагында коррупцияга шектелип кармалды.

 Бир ай мурун УКМК мамлекет казынасынан 217 млн сомду мыйзамсыз чыгарып кеткен Салык кызматынын жана «Полларис», «Интеррустрейд» компанияларынын кызматкерлерин кармагандыгы жарыяланган. Бул иш боюнча шектелип кармалган 5 салыкчы кызматтан бошотулган.

Кумашов  кошумча нарк салыгынын ордун толтуруу же кайтарып берүү боюнча түзүлгөн комиссиянын курамына кирген. Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча,  аталган комиссия мыйзамсыз, ошондой эле, мамлекеттин кызыкчылыгына каршы келген чечимдерди кабыл алып, айрым жеке компанияларга кошумча нарк салыгын кайтарып берген. Жыйынтыгында, мамлекетке 800 млн сомдон ашык зыян келтирилген.

Кубанычбек Кумашов УКМКнын кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери жүрүүдө.