17.07.2018 11:46

УКМК: Нурбек Токтакуновдун акыркы билдирүүсү -карандай калп

УКМК: Нурбек Токтакуновдун акыркы билдирүүсү -карандай калп

УКМК Сапар Исаковдун жактоочусу Нурбек Токтакуновдун айткандарын төгүндөдү. УКМКнын маалымат кызматынын билдирүүсүнө караганда, мындай жол менен жактоочу өзүнүн атын чыгаруу аракетин көрүүдө. 

Атайын кызматтын маалыматына караганда, бардык тергөө иштери Кылмыш-жазык кодексинин алкагында өтүп жатат. «Токтакуновдун акыркы билдирүүсү - карандай калп. Канчалык апыртылып айтылса, ошончолук элдер ишенип алышат эмеспи. Жактоочунун билдирүүсүн - кезектеги өзүн-өзү жарнамалоо катары бааласа болот», – дешти УКМКдан.

Эскерте кетсек,  кечээ Нурбек Токтакунов өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына «13-июль күнү саат 11:00дө Сапар Исаков УКМКнын тергөөчүсү Кубанычбек Сабыровдун иш бөлмөсүнө чакырылган. Тергөөчү өзү кабинеттен чыгып кетип, УКМКнын өзүн Илим деп тааныштырган кызматкери Сапар Исаковго «жактоочу Нурбек Токтакуновдун кызматынан баш тартууну» сунуштаган. Болбосо, бир кезде  WikiLeaks сайтында жарыяланып, Сапар Исаковдун да аты эскертилген  макала боюнча кылмыш ишин козгоорун айткан. «Сапар Исаков бул сунуштан баш тартып, мага тергөө тарабынан болуп жаткан мындай коркутууларды коомчулукка билдирүүмдү тапшырды», - деп жазган.