04.04.2019 15:21

УКМК сиздин телефондук сүйлөшүүңүздү тыңшап, каттарыңызды окугусу келет. Мыйзам долбоор коомдук талкууга коюлду

УКМК сиздин телефондук сүйлөшүүңүздү тыңшап, каттарыңызды окугусу келет. Мыйзам долбоор коомдук талкууга коюлду

УКМК чалгындоо жана чалгындоого каршы ишинин маселелери боюнча мыйзам долбоорун коомдук талкууга койду.  Долбоордун максаты- тышкы  чалгындоо жана контрчалгындоо иш чөйрөсүндө мыйзамдарды колдонуу үчүн укуктук шарттарды түзүү болуп саналат. 

Ага ылайык, айрым мыйзам актыларына өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү пландалууда. Тактап айта кетсек, долбоордо Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 31-беренесине 1-1 бөлүмдү кошуу каралган. Анын жыйынтыгында, тергөө сотунун ыйгарым укуктары кеңейтилет, башкача айтканда ал бөлүмгө таянуу менен жарандардын  мыйзам тарабынан корголуучу кат-кабар алышуу, телефондук жана башка сүйлөшүүлөр, электрондук жана почта байланышы аркылуу жөнөтүлүүчү билдирүүлөрүнүн жашыруундуулугуна болгон укугун бузууга мүмкүнчүлүк жаралат. Ошондой эле, контрчалгындоо ишмердүүлүгү боюнча мыйзамда бекитилген тартипте турак-жайдын кол тийбестиги укугуна байланыштуу чечимдерди кабыл алууга укуктуу болот. 

Андан сырткары, тышкы чалгындоо жана контрчалгындоо ишмердүүлүгүнүн милдеттеринин өзгөчөлүгүн эске алуу менен атайын кызматтарга төмөнкүдөй укук берүү сунушталат:

  • жарандардын макулдугусуз эле биометрикалык маалыматтарын алуу;
  • жарандын ал маалыматка жеткиликтүүлүгүн, маалыматты өзгөртүү, блокко салуу укугун чектөө.