13.06.2018 19:33

УКМК Темир Сариевден «Эксим банк» менен кредиттик келишим түзүү тууралуу сурады

УКМК Темир Сариевден «Эксим банк» менен кредиттик келишим түзүү тууралуу сурады

«Баары жакшы. Сар-санаа болбогула», -деп билдирди УКМКдан көтөрүңкү маанайда  чыккан Темир Сариев. Анын Коопсуздук кызматына эмне себептен чакыртылганы тууралуу айткан тасмасын  жактоочусу Искен Афиджанов өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына жарыялады.

Мурунку экономика министринин айтымында, аны тергөөгө ЖЭБ чуусу боюнча ачылган кылмыш  ишинин алкагында күбө катары чакырышкан.

«Тергөөчүлөр «Эксим банк» менен контракт жана кредиттик келишим түзүүдөгү Экономика министрлигинин позициясы  тууралуу тактап сурады», -деп билдирет тасмада Темир Сариев. 

«Анда биз тендер өткөрүү зарылдыгын айтып,  жылуулук станцияларын курууда  тажрыйбасы мол компания тандалсын деген жообубузду  кат түрүндө жибергенбиз. Биз макулдашууга кемчиликтерди көрсөтүү менен кол койгонбуз. Тергөөдө мен ушуларды дагы бир жолу тастыктап бердим», -деди Сариев. 

Ал эми тергөөнүн жүрүшү боюнча, сый мамиледе өткөнүн, тергөөчү чечимди кабыл алуудагы кээ бир маселелер боюнча кененирээк маалымат алуу үчүн тосмо суроолорду  бергенин билдирди.