19.09.2018 18:03

УКМК төрагасы камактагы депутаттардын абалы тууралуу маалымат берди

УКМК төрагасы камактагы депутаттардын абалы тууралуу маалымат берди

Жогорку Кеңештин камактагы депутаты Осмонбек Артыкбаевге жакында эле жүрөгүнө операция жасалса, Жантөрө Сатыбалдиев 18-сентябрда кардиологияга жаткырылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Идрис Кадыркулов бүгүн, 19-сентябрда Жогорку Кеңеште депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып билдирди. 

Жыйында «Республика-Ата Журт» фракциясынан депутат Руслан Казакбаев абактагы саясатчылар  Осмонбек Артыкбаев, Жантөрө Сатыбалдиевдин ден соолугу начарлап жатканын айткан. Буга
Кадыркулов: «Абак деген абак экен, курорт эмес. Бирок, ага карабай, ал жактагыларга шарт түзүп бергенге аракет кылып жатабыз. Осмонбек Артыкбаев жакында сыркоолоп, кардиологияга үч жумадай жатып, жүрөгүнө операция жасатып, реабилитация курсунан өтүп келди. Анын абалы жакшырды. Жантөрө Сатыбалдиев дүйшөмбү күндөн бери медициналык кароодо жүрүп, кечээ, шейшемби күнү өзүнүн дарыгеринин  көзөмөлү менен кардиологияга жаткырылды», — деп жооп берди.

Кадыркулов камактагылардын ал-абалын Омбудсмен институтунан, депутаттар жана убактысы болгондо өзү да барып сурап турарын белгиледи.

Белгилей кетсек, Осмонбек Артыкбаев менен Жантөрө Сатыбалдиев Бишкек ТЭЦин модернизациялоо боюнча козголгон кылмыш иштеринин алкагында камакка алынган.