20.09.2018 15:08

УКМК: Өмүрбек Бабановго карата козголгон кылмыш иштеринин бири боюнча териштирүү жүрүүдө

УКМК: Өмүрбек Бабановго карата козголгон кылмыш иштеринин бири боюнча териштирүү жүрүүдө

Өмүрбек Бабановго карата козголгон кылмыш иштеринин бирөөсү боюнча гана тергөө токтотулду. Бул туурасында УКМКдан билдиришти.

Тактап айтканда, мурдагы депутат Өмүрбек Бабановго карата бийликти күч менен басып алуу, массалык баш аламандык уюштуруу фактылары боюнча козголгон кылмыш иши токтотулган. Ал эми экинчи- Ош шаарынын «Амир-Тимур» кичи районунда айткан чагымчыл сөздөрүнө козголгон кылмыш иши боюнча тийиштүү териштирүү иштери жүрүүдө. 

Белгилей кетсек, Башкы прокуратура депутат Өмүрбек Бабановго карата Конституциялык түзүлүштү күчкө салып өзгөртүүгө чакырык жасады жана Улуттук (этностор аралык), расалык, диний же регион аралык кастыкты козутту деген кине менен 2017-жылы 4-ноябрда кылмыш ишин козгогон. 

Жогорку Кеңештин 19-сентябрдагы жыйынында депутат Таабалды Тиллаев башкы прокурордун орун басары Нурлан Дүйшөмбиевден мурдагы кесиптеши Өмүрбек Бабановдун ишин тездетип, акты ак деп текшерип берүүсүн суранган болчу.