11.07.2018 17:00

УКМКнын жашыруун кызматынын атын жамынган жарандын өздүгү такталды

УКМКнын жашыруун кызматынын атын жамынган жарандын өздүгү такталды

УКМКнын жашыруун кызматынын атын жамынган жарандын өздүгү такталды. Бул туурасында атайын кызматтын басма сөз борборунан билдиришти. Ал бейбаш 1985-жылы Нарын облусунда туулган Токтобаев Рустам Бейшенбекович  аттуу жаран болуп чыкты. 

«Рустам Токтобаев жарандарга транспорт каражаттарын сактоо кызматын көрсөтүү менен алектенген жеке ишкер. Токтотулган ак түстөгү «Ниссан Фуга» унаасынын мамлекеттик өз номери KGBH 0662, бирок окуя болгон күнү Е6599В  мамлекеттик номерин илип алган. Ал унаа Токтобаевдин апасы ээлик кылган ОсОО «Санрайз Риелт» ЖЧКсына таандык экени аныкталды. Р.Токтобаев УКМКнын кызматкери эмес жана бул кызматка эч кандай тиешеси жок. Унаа токтотулган учурда аны милициянын мурунку кызматкери Жапаров Сүймөнкул Муктарбекович айдап бараткан. Юридикалык баа берүү үчүн материалдар КР ИИМине өткөрүлүп берилди», -деп жазылат УКМК тараткан маалыматта.

Эскерте кетсек, 2018-жылдын июль айынын башында интернетте «УКМКнын жашыруун башкармалыгынын жана ИИББдин кызматкерлери мас абалында унаа айдап жүрүшөт» деген темада тасма жарыяланган.

Анда, УКМКнын жашыруун кызматынын кызматкери делген адам менен ИИМдин кызматкери мас абалында жалган номер илип алып, унаа айдап жана жол тескөөчүлөргө баш ийбегени үчүн кармалган. Протокол түзүп жатканда кармалгандардын бири өзүн «УКМКнын жашыруун кызматынын» кызматкери деп тааныштырган.