03.12.2019 13:27
Укук коргоочу Рита Карасартова мамлекеттик кызматка орношту
Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы башталгыч кесиптик билим берүү агенттигинин директору болуп Рита Карасартова дайындалды. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.
Агенттикти буга чейин жетектеген Таалайбек Чолпонкулов өз арызы менен кызматтан бошотулду. Эске салсак, ал бул кызматта 2009-жылдан бери иштеп келген.
Бүгүн билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков жаңы дайындалган директорду кесиптик-техникалык агенттигинин жалпы жамаатына тааныштырды.
Кошумчалай кетсек, Рита Карасартова укук коргоочу катары таанымал.
interface.main_news
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Дш ШшШр Бш Жм Иш Жш
Выбранная дата: